26 апрель 2024

Кароолор: 2

26-апрелде Таласка Америка элинин USAID программасынын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 4 тонна 130 кг. жасмыктуу жашылча аралашмасы келди.

Бул программа Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Эргэнэ» коомдук фондусу аркылуу ишке ашты.

Аталган фонддун жетекчиси Тынара Касымалиева облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова менен жолугушуп, Талас облусундагы 16 социалдык мекемелер менен келишим түздү.

Натыйжада жасмыктуу жашылча аралашмасы райондук эмгек социалдык өнүгүү жана миграция башкармалыктарына, Манас районундагы Покровка аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине, Бакай-Ата районундагы «Чалдыбар» жатак мектебине, мүмкүнчүлүгү чектелген карылар үйүнө, «Теңир колдоо», «Бекнур», «Талас келечек балдары», «Жаркын келечек», «Аяржан» балдардын реаблитациялык борборлоруна, Кум-Арык айылындагы көмөкчү мектеп интернатына, Чернобыль АЭСинен катышуучуларына, Талас облустук кургак учук менен курөшүү борборуна, «ЗИОМ-XXI» коомдук фондусу жана Улуттук «Кызыл Ай» коомунун Таластагы бөлүмүнө берилди.