25 май 2024
Кароолор: 19
25-майда Бакай-Ата районунун

Боо-Терек айылындагы Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектебиндеги акыркы коңгуроо аземине КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты. Облус башчысынын орун басары бүтүрүүчүлөрдүн алдыдагы мамлекеттик экзамендерине ийгилик каалоо менен бирге: "келечекте кыргыз элине кызмат кылган мыкты атуулдардан болгула" ,-деген тилегин билдирди.
Аталган мектепте 1200дөн ашуун окуучу 2023-2024-окуу жылын аяктап, 11 классты 40 окуучу, 9-классты 113 окуучу бүтүргөн. Иш чарада окуудагы жетишкендиктери үчүн алдыңкы окуучуларга сыйлыктар ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Бейшен Сатыбековдун уул-кыздары жыл сайын олимпиадаларда жеңүүчү болгон окуучуларды чыгарган, спартакиадаларга балдарды даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлыктарды тапшырып келишет. Быйыл дагы бул саамалык кайталанып, мектептеги алдыңкы 10 мугалимге акчалай сыйлыктар, ыраазычылык каттар тапшырылды.
Быйылкы окуу жылында Б.Сатыбеков орто мектебинен 4 окуучу олимпиаданын облустук турунан байгелүү орундарга чыгышкан. 11-классынан 5 окуучу “Мектеп Лигасы” улуттук чемпионатына катышты. Муну менен бирге шахмат, таяк тартыш, жеңил атлетика боюнча облустук, республикалык мелдештерге катышкан окуучулардын саны арбыган.