07 март 2025

Кароолор: 5

2025-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен Аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2025-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен Аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага облус аймагынан 400дөн ашуун асылзат айымдар чакырылып, сый тамак уюштурулду.

Өз кезинде облус башчысы Эрмат Джумаев айымдарды жаз менен кошо кирип келген 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, алардын жашоодогу өзгөчө ордун белгилеп, майрам ээлерине жаркын маанай, чың ден соолук, узун өмүр каалады.

Майрамдык кече К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.