23 август 2024

Кароолор: 9

2024-жылдын 23-августунда К. Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында "Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор" темасынын алкагында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова, Эл мугалими Бектур Исаков жана билим берүү мекемелеринин башчылары, директорлору, мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбиячылары катышты.

Жыйында облус башчысы Эрмат Джумаев кеңешменин катышуучуларын келе жаткан 2024-2025-жаңы окуу жылы менен куттуктап, өз сөзүндө окуучуларга билим берүүгө бардык күч-аракетин жумшап, аларды тарбиялоодо жана окутууда кошкон эбегейсиз салымы үчүн мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук, иштерине зор ийгиликтерди каалады. Буга кошумча окуучулардын жеткиликтүү билим алуусуна облустук бийлик тарабынан ар дайым колдоо болорун билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган билим берүүгө багытталган презентациялар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Талас облусунда 113 мектеп жана мектепке чейинки 78 билим берүү мекемеси бар. 113 мектепте жалпы 58 450 окуучу билим алып, 3 815 мугалим билим берип келет.