02 сентябрь 2024
Кароолор: 10
2024-2025 – жаңы окуу жылына карата Талас облусунун аймагындагы мектеп окуучуларынын жалпы саны 46 822 түзсө, алардын ичинен 1-класска 4969 окуучу кабыл алынды.

2024-2025 – жаңы окуу жылына карата Талас облусунун аймагындагы мектеп окуучуларынын жалпы саны 46 822 түзсө, алардын ичинен 1-класска 4969 окуучу кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө облус боюнча 12 мектепте курулуш иштери жүрүп, анын ичинен 2 мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилди. Алар: Миң-Булак айылындагы Д. Баатырбашиев атындагы орто мектеп жана Өзгөрүш айылындагы Кашка-Жол орто мектеби.