06 февраль 2024
Кароолор: 12
2023-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРГАН КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн 6-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн 2023-жылдагы Талас облусунун социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйыны болуп ѳттү.
Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында ѳткѳрүлгѳн коллегиялык жыйынга КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Президентинин Админстрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен ѳз ара аракеттенүү бѳлүмүнүн мамлекеттик инспектору Сабыркул Ашимбаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов жана анын орун басарлары катышты. Мындан тышкары район-шаар жетекчилери, акимдердин орун басарлары, айыл ѳкмѳт башчылары, шаардык, айылдык кеңештин тѳрагалары, аппарат жетекчилери, облустук, шаар-райондук ардагерлер кеңешинин тѳрагалары, мекеме-уюм жетекчилери, коомчулук катышты.
Жыйында Талас облусунда 2023-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилди. Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча салык төлөмдөрүн мамлекеттик бюджетке түшүрүү боюнча план тапшырма 100,5 % га аткарылган, облус аймагында 119 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, 676 жаңы жумуш орундары түзүлгѳн. Билим берүү тармагында жаңы 7 мектеп пайдаланууга берилип, жакында дагы 3 мектептин ачылышы күтүлүүдѳ. Өткѳн жылы облус боюнча 36 км. 200 метр жолго асфальт тѳшѳлүп, Талас аэропорту ишке берилүү алдында турат. Ошондой эле Бала-Саруу чакан ГЭСин куруу иштери уланууда.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов региондордо жумуш орундарын түзүү максатында чечкиндүү аракеттер зарыл экенин билдирди. 2024-жылы өлкөдө 250 миң жумуш ордун түзүү милдети коюлганын белгиледи. Учурда, мамлекеттик деңгээлде " Эл дөөлөтү эмгек" деп аталган атайын мамлекеттик программа иштелип чыгууда. Келечекте анын натыйжасы калктын текши бакубат жашоосун камсыз кылууга, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болоорун билдирди. “Азыр жогорку жоопкерчилик жергиликтүү жетекчилерде” –деп, белгилөө менен Эдил Байсалов айрыкча жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик, муниципалдык ишканаларды, айыл чарба кооперативдерин ачуу максатында чечкиндүү иш алып баруу жагдайын эскертип өттү.
Облус башчысы Нурлан Дарданов ѳткѳн жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунда ири долбоорлорду ишке ашыруу колго алынып, социалдык обьектилердин курулушу жанданып, ишкердүүлүк тармагында алгылыктуу аракеттер жасалганын белгиледи. Алдыда мамлекеттик казынанын кирешесин арттыруу, жумуш орундарын түзүү, аймактык административдик реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу милдеттери тургандыгын, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдык кѳрүү жагдайын белгиледи.
Коллегиялык жыйындын соңунда облустун ѳсүп ѳнүгүшүнѳ кошкон салымдары үчүн эмгек алдыңкылары сыйланышты. Ошондой эле көп балалуу энелерге Президенттин жарлыгына ылайык «Баатыр эне» ордендери ыйгарылды. Муну менен катар облуста эмгеги элге сиңген, коомдук жана мамлекеттик иштерде жигердүү эмгектенген инсандарга “Талас облусунун ардактуу атуулу”, “Чыгаан атуул” наамдары, ѳкүлчүлүктүн “Ардак грамоталары” жана “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.
Ал эми Талас районунун Арал айыл аймагы 3-даражадагы, Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагы 2-даражадагы, Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагы 1-даражадагы диплом менен сыйланышты. Ал эми облустун Өтмѳ Кызыл Туусу Айтматов районуна берилди.