02 сентябрь 2024

Кароолор: 13

2-сентябрь КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы 275 орундуу жаңы мектептин ачылышына катышты.

2-сентябрь КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы 275 орундуу жаңы мектептин ачылышына катышты.

Кашка-Жол орто мектебинин ачылыш аземинде облус башчы Эрмат Джумаев иш-чаранын катышуучуларын КР Эгемендүүлүк күнү менен жана 1-сентябрь Билим күнү менен куттуктады. Өз сөзүндө билим берүүгө бардык күч-аракетин жумшап, окуучуларды тарбиялоодо кошкон салымы үчүн жалпы агартуучуларга терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана иштерине зор ийгиликтерди каалады. Ал эми жаңыдан мектеп босогосун аттап жаткан жаш жеткинчектерге окуудагы жетишкендиктерди тилеп, жалпы айыл тургундарын жаркыраган жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Ошондой эле жаңы билим ордонун курулушуна демөөрчүлүк көрсөткөн Сауд Араб өнүктүрүү фондуна терең ыраазычылык билдирип, фонддун мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалап өттү. Ачылыш аземде билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана облустун инфраструктурасын жакшыртууга кошкон зор салымы үчүн коомдук ишмер Дайыр Кенекеевге КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ыраазычылык каты тапшырылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 12 мектепте курулуш иштери жүрүп, анын ичинен 2 мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилди. Алар: Миң-Булак айылындагы Д. Баатырбашиев атындагы орто мектеп жана Өзгөрүш айылындагы Кашка-Жол орто мектеби.