22 январь 2025

Кароолор: 22

12 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРГАН ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯ

Бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын   2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган   облустук коллегиясы болуп өттү.

Ага облус башчысы Эрмат Джумаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, шаар мэри, район акимдери, облустук, шаардык мекеме-ишкана жетекчилери  айыл өкмөт башчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Алгач ыйгарым  укуктуу өкүл Эрмат Джумаев коллегиянын жалпы катышуучуларын коррупциялык иштерден оолак болууга чакырып,  жыл башынан тарта коррупцияга каршы чаралар күчөтүлгөнүн билдирди. Өз сөзүндө мындан тарта коррупциялык укук бузуулар  аныкталса, тиешеси бар жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, күнөөлүүлөр катуу жазаланарын эскертти.

Коллегиялык кеңешменин күн тартибинде 2024-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана ар кандай маселелер каралды. Анда  облустун өнүктүрүү программасынын алкагында жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы, салык жыйымдары, социалдык өнүгүү, зордук-зомбулуктарды жана жол кырсыктарын алдын алууну күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Кеңешменин соңунда ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев шаар мэрин, район акимдерин коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөгө чакырып,  кемчиликтерге жол берген кызматкерлерге тартиптик чараларды көрүүгө милдеттендирди. Буга кошумча  шаар мэрине  жана айыл өкмөт башчыларына жергиликтүү бюджеттерди өнүктүрүү программага  ылайык бөлүштүрүү зарылдыгын айтты.

Коллегиянын соңунда 2024-жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты район” наамы Бакай-Ата районуна ыйгарылып,  өтмө туу тапшырылды. Ошондой эле облустун өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар мыкты мекеме-ишканалар, мыкты жетекчилер, ишкерлер "Жыл мыктысы" наамы менен сыйланышты.