11 апрель 2024

Кароолор: 1

11-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов

Чоң-Капка кѳзѳмѳл ѳткѳрмѳ постунда болуп, андагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иштерине кѳзѳмѳл жүргүздү.

Белгилеп кетсек КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобил жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлѳѳ обьекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бѳгѳт коюу” боюнча чаралар жѳнүндѳ 56-Жарлыгы чыгарылган. Буга байланыштуу облус жетекчисинин биринчи орун басары Талант Эдилов ушул жылдын 28-мартында Чоң-Капка кѳзѳмѳл ѳткѳрмѳ жайына барып, жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды тезинен иретке келтирүү тапшырмасын берген.