03 декабрь 2024
Кароолор: 6
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк АИВге каршы күрөшүү күнүнө карата бүгүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жыйын өттү

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк АИВге каршы күрөшүү күнүнө карата бүгүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жыйын өттү.
Жыйынга акимдердин орун басарлары, мэриянын кызматкерлери, Талас облусундагы атайын орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана башка тийиштүү мекеме-уюмдардын жооптуу адистери чакырылган.
Жыйынды облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова ачып, өкүлдүн аппараты тарабынан “АИВ билим – сенин коопсуздугуң, дарылануу сенин ден соолугуң” аталашында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин бир айлык жарыяланганын айтып, айлыктын алкагында маалыматтык акциялар, кампаниялар уюштурулуп, жаштар арасында АИВ-инфекциясынын алдын алуу иш-чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Гүлмира Алишерова бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясынын жугуу жолдорунун 78.7% жыныстык жол менен катталганын жана 83.2% 20-49 жашка чейинкилер экенин билдирип, 20 жаштан 49 жашка чейинки адамдардын арасында ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу боюнча маалыматты таратуу учур талабы экенин тастыктады.
Үстүбүздөгү бир айлыктын алкагында райондордо, Талас шаарында маалымат кампаниялары уюштурулууда. 29-ноябрда Айтматов районунда акция өткөрүлүп, Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун директору Гүлмира Алишерова окуучуларга кайрылуу жасап, зордук-зомбулуктун арты өкүнүчтүү окуялар менен коштолуп, оор илдетке дуушар кылаарын белгилеп, жаштарды маалыматтуу болууга үндөдү. Ошол эле учурда Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун адистери АИВ илдетине ыкчам тест алуу иштерин уюштуруп, иш-чарага катышкан райондун тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
2-декабрда ТалМУнун жыйын залында семинар уюштурулуп, АИВ-инфекциясы боюнча студенттер арасында дубал газеталарды даярдоо кароо-сынагы жарыяланып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.