03 март 2025

Кароолор: 5

🇰🇬 Кыргыз окуучулары British Biology Olympiad 2025 олимпиадасында 14 медаль жеңди!

 2025-жылдын 8-февралында өткөн British Biology Olympiad 2025 эл аралык олимпиадасында Кыргызстандын мектеп окуучулары зор ийгиликке жетишти! Жалпы 2 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль утуп, өлкөбүздүн билим деңгээли жогору экенин дагы бир жолу далилдешти.

Бул абройлуу сынакка дүйнө жүзү боюнча 1 053 мектептен 18 533 окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан чыккан мыкты жаштар арасында Манас районунун Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин 9-классынын окуучусу Музуротбеков Бекболот Талантбекович күмүш медалга ээ болуп, чоң жетишкендикке жетти. Аны олимпиадага даярдаган мугалими – Кость Наталья Федоровна.

Кыргызстандын бардык жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз! Бул жетишкендик – алардын эмгегинин, талыкпаган аракетинин жана сапаттуу билим берүүнүн үзүрү. Ийгиликтер мындан ары да көп болсун!