Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Жогорку Кеңештин Тѳрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусунда иш сапары менен болду

Жогорку Кеңештин Тѳрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Талас облусунда иш сапары менен болуп, бир катар социалдык обьектилерден кабар алды. Ал алгач облус жетекчиси Нурлан Дарданов менен биргеликте Талас районундагы Касымкул Нанаев атындагы орто мектебинин ачылыш аземине катышты. 8 жыл мурда курулушу башталган аталган мектеп бүгүн пайдаланууга берилди. 450 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу мектептин курулушуна мамлекеттен 122 млн сом бѳлүнгѳн. Мектептин кызыл тасмасын кескен Жогорку Кеңештин Тѳрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин атынан мектепке 300 000 сомдук сертификат тапшырды. 

Андан соң Тѳрага Улуттук «Манас Ордо» комплексине барып зыярат кылып, комплекстин аймагына арчанын кѳчѳтүн олтургузду.

Тѳрөганын иш сапары Талас районундагы Кум-Арык кѳмѳкчү жатак интернатынын абалынан кабар алуу менен уланды. Бул интернаттагы башкы кѳйгѳй балдар жатаканасынын чатырын жаңыртуу керек. Мындан тышкары кѳп жыл мурда салынган окуу корпусун жаңылоо зарыл. Интернаттын абалы менен таанышкан Нурланбек Шакиев интернатка муздаткыч , кир жуучу машина жана андагы тарбияланган балдарга таттууларды белек кылды. Ошондой эле тарбияланган балдар үчүн шарттарды жакшыртуу максатында 300 000 сомдук сертификат тапшырды.

Андан соң Тѳрага Нурланбек Шакиев I кылым мурда салынган Арашан орто мектебинин абалы менен да таанышты. Аталган мектепке ӨКМ тарабынан авриялык абалда деген корутунду чыгарылган. Бирок окуу корпусунун жоктугунан улам сабактар ѳтүлүп келген. Имараттын эскилигин кѳргѳн Тѳрага, Арашан айылынын эли менен жолугушканда 225 окуучуга ылайыкталган мектептин жаңы имараты курула турганын айтты.

Андан кийин Жогорку Кеңештин Тѳрагасынын иш сапары Бакай-Ата районунда уланды. Анда ал Кызыл-Октябрь айылындагы мектептин имаратында жайгашкан Жамиля Сооронкулова атындагы бала бакчанын абалы менен таанышып, бала бакча куруу зарылчылыгын белгиледи.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун абалын да жеринен барып көрдү. Оорукананын эскилиги жеткендиктен, жакынкы айларда 3 кабат, заманбап шарттагы медицина мекемесинин курулуш иштери башталаарын билдирди.

Иш сапардын соңунда Тѳрага жаңы салынып жаткан Нылды-Талас авто жолунун абалы менен таанышты.

Төрага ар бир барган жеринде жергиликтүү элдер менен жолугушуп, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, элдин жана медицина, билим берүү мекемелериндеги эмгек жамааттарынын суроолоруна жооп берди.