Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ТАЛАС ШААРЫНДА «ТАЛАС АГРО ТҮШҮМ - 2023» ЖАРМАНКЕСИ УЮШТУРУЛДУ

Бүгүн 11-ноябрда КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан Талас шаарынын борбордук аянтында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси ѳткѳрүлдү. Башкы максат облус дыйкандарынын, айыл чарба товар ѳндүрүүчүлѳрүнүн продукцияларын жеткиликтүү баада сатууну уюштуруу жана калкка арзан баада айыл чарба азыктарын алууга шарт түзүү. Жарманкеге коюлган азык-түлүктѳр, продукциялар менен Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов таанышып, дыйкандар, ишкерлер менен баарлашты. Ошондой эле жарманкеде дыйканчылыкка керектүү органикалык жер семирткичтер, отоо чѳптѳрдѳн арылтуучу зыянсыз дары-дармектер да дыйкандарга сунушталды. Муну менен бирге, мѳмѳ-жемиш бактарынын, ийне жалбырактуу карагайлардын, гүлдөрдүн көчөттөрү да сатыкка коюлду.

Мындан сырткары атайын чакырылган айыл чарба адистери тарабынан Талас шаардык А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде дыйкандарга окутуу-семинары уюштурулду. Мамлекеттик банктардын кызматкерлери айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыялар боюнча акысыз кеп-кеңештерин беришти.

Жарманкеден сырткары мал чарбачылыгы боюнча асыл тукум малдын, айыл чарба техникаларынын кѳргѳзмѳсү да уюштурулду.