Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев шайлоого активдүү катышууга чакырды
Бүгүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев биринчилерден болуп шайлоо участкасына барып эл өкүлдөрүн шайлоо процессине катышты. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызмат кабарлады.
Эрмат Джумаев өз кайрылуусунда шайлоо — ар бир жаран үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү тандоо экенин белгилеп, Талас облусунун тургундарын жана бардык мекендештерди бул демократиялык жараянга активдүү катышууга чакырды.
«Өлкөбүздүн келечеги ар бирибиздин тандообузга түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан ар бир жаран өз жарандык позициясын көрсөтүп, шайлоого кайдыгер карабашы маанилүү», — деп билдирди ал.