Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ТАЛАС ШААРЫНДАГЫ АСФАЛЬТ ТѲШѲЛҮП ЖАТКАН ЖОЛДОРДУН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэринин орун басары Максат Байжигитов, жол чарба департаментинин Талас облустук №3 аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубандык Керимбаев жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте, Талас шаарындагы оңдолуп жаткан жолдорду кѳрүп, андагы жүрүп жаткан жумуштардан кабар алды. Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Талас шаары боюнча 26 км аралыкты түзгѳн 21 кѳчѳнүн жолдоруна асфальт басуу иштери пландалып, ушул жылдын август айында алгачкы иштер башталган. Учурда жалпы 16864 км узундуктагы 14 кѳчѳ асфальтталып калган чагы. Жолдорду асфальттого Президенттин фондунан 210 млн сом акча каражаты бѳлүнгѳн. Облус жетекчиси Нурлан Дарданов жол курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тийиштүү кызматкерлерге Президенттин тапшырмасын кынтыксыз аткарып, жолдордун сапатына кѳңүл бурууну тапшырды.