Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ЧЕМПИОНДОРДУ СЫЙЛАДЫ

Бүгүн 25-октябрда КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов грек-рим күрѳшү боюнча дүйнѳ чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбеков жана Азия оюндарында күмүш медаль тагынган Нурзат Нуртаева, Эл аралык спорт чебери Үзүр Жусупбековдорду тосуп алып, атайын сыйлыктарды тапшырды. Кыргыздын сыймыктарын салтанаттуу тосуу иш чарасы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болуп ѳттү.

Спортчулар алгач Талас шаарындагы залкар жазуучу Ч. Айтматовдун эстелигине гүл чамбарларын коюшуп, андан соң Талас шаардык күрѳш боюнча ѳспүрүм балдар спорт мектебине барышты. Мектептин эмгек жамааты балбандарга ак калпак кийгизип, ѳз ыраазычылыктарын билдиришти. Аталган спорт мектептеги алдына албан максат койгон жаш күрѳшчүлѳр менен жолуккан соң, балбандарды К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма тетарында Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов салтанаттуу тосуп алды.

Спортчуларга арналган салтанаттуу азем Таластын таланттарынын концерттик программасы менен коштолду.

Өз сѳзүндѳ облус жетекчиси Нурлан Дарданов спортчуларды куттуктап, алардын жараткан ийгилиги бүтүндѳй кыргыз элинин сыймыгы экенин белгилеп, спортчуларга бекем ден соолук жана кѳптѳгѳн жеңиштерди каалады. Иш чарага белгилүү себептерден улам Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Атабек Азисбеков келе албагандыктан, алардын ата-энелери катышты.

Салтанатта Айпери Медет кызына жана Мээрим Жуманазаровага Талас облусунун «Ардактуу атуулу» ардак наамы берилсе, Нурзат Нуртаева, Үзүр Жусупбеков, жана Атабек Азисбековго облустун «Чыган атуулу» ардак наамдары жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Иш чарадан соң жоон билек балбандарга, аларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине, ошондой эле машыктыруучуларына ак дасторкон үстүндө сый-урмат көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өткөн. Анда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынышкан.