Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

МАНАС РАЙОНУНДА ЖАӉЫ МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛДИ

Бүгүн 17-ноябрда Манас районунун Жайылган айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болду. Иш чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дайыр Кенекеев, Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков жана башка мекеме уюм жетекчилери, жергиликтүү коомчулук катышты. 2019-жылы курулушу башталган мектеп Сауд ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. 150 орунга ылайыкташтырылган эки кабаттуу мектепте окуучулардын татыктуу билим алуусу үчүн заманбап бардык шарттар каралган. 

Жайылган орто мектебинин ачылышы менен айыл элин куттуктаган облус башчысы Нурлан Дарданов, мектептин курулушуна колдоо кѳрсѳткѳн Сауд ѳнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирип, окуучуларды терең билим алууга чакырды.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1956-жылы курулуп, кошумча имараттары кийинки жылдары пайдаланууга берилген. Мектептин чакан корпустары авариялык абалда деп табылганына бир топ жыл болгон. Учурда мектепте 152 окуучу билим алат.