Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КЫРГЫЗ-КАЗАК СООДА АЛАКАСЫН АРТТЫРУУГА АРАКЕТТЕР КѲРҮЛҮҮДѲ

14-октябрда КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн жана Жамбыл облусунун акиминин демилгеси менен Жамбыл облусунун Тараз шаарында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси ѳттү. Жарманкеге Талас облусунан 100дѳн ашык дыйкандар барышып, айыл чарбасында ѳндүрүлгѳн азык түүлүктүн 70тен ашык түрлѳрүн сатышып, киреше табышты. Жарманкенин негизги максаты – эки элдин достугун жана Кыргыз-Казак соода алакысын арттыруу болуп саналат. Уюштурулган жарманкеде айыл чарба ѳсүмдүктѳрү арзан баада сатылгандыктан, учурдан пайдаланып кышкы азык-түлүгүн камдап алуу максатында келген алуучулардын саны арбын болду. Эки элдин соода алакасын арттырууга багытталган иш чарада, бир тарабында Казак боордоштор ѳндүргѳн азык түүлүктѳр сатылса, бир тарабында Таластан барган дыйкан-фермерлердин ѳндүргѳн азыктары сатыкка коюлду. Жарманкеге барган Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов менен Жамбыл облусунун акими Ербол Карашѳкеев, дыйкандар үчүн дагы, кардарлар үчүн дагы пайдалуу болгон мындай жарманкени алдыдагы убакыттарда Талас шаарында да ѳткѳрүүнү макулдашты.