Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Бүгүн 19-октябрь профсоюздар жана социалдык коргоо кызматкерлеринин күнүнө карата Талас шаардык музыкалык мектебинде майрамдык иш чара болуп өттү. Иш чарага КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты. Ошондой эле облус боюнча социалдык коргоо жана профсоюз тармагында эмгектенген кызматкерлер чакырылган.

Иш чарада облус башчысы Нурлан Дарданов жалпы социалдык коргоо жана профсоюз тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, алардын калктын аярлуу катмарын ар тараптан колдоодо, ѳлкѳ жарандарынын эмгекке жана эс алууга болгон укуктарын коргоодогу үзүрлүү эмгектерин белгилеп өттү.

Майрамдык салтанатта аталган тармактарда жигердүү эмгектенип, социалдык саясатты ишке ашырууда жана өлкө жарандарынын эмгек укуктарын коргоодо салым кошкон бир катар кызматкерлерге өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды. Аны менен бирге эле жергиликтүү банктар да өз белектерин тапшырышты.

Майрамдык иш чара Талас шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.