Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Бириккен Улуттар Уюмунун уюшулгандыгынын 78 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара болуп ѳттү.

Аталган иш чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу ѳкүлү Антье Граве, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, ошондой эле мамлекеттик мекеме уюм кызматкерлери, жергиликтүү жаштар катышты. Майрамдык иш чарада облус жетекчиси Нурлан Дарданов Антье Граве айымды алдыда келе жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун күнү менен куттуктап, уюмдун ѳлкѳнүн, анын ичинде Талас облусунун ар тараптан ѳнүгүүсүнѳ кѳрсѳткѳн колдоосун баса белгилеп, мындан аркы иш аракеттерине ийгилик каалады.