Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

ЭМИЛБЕК АЙЫЛЧИЕВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕБИНИН КОШУМЧА ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

Бүгүн 19-октябрда Талас шаарындагы №7 Эмилбек Айылчиев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын ачылышы болуп ѳттү. Иш чарага КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, “Ас-Сафа Борбору” Коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шая, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков, Талас шаарынын мэринин биринчи орун басары Максат Байжигитов, жергиликтүү коомчулук, окуучулар катышты. 

Белгилей кетсек аталган мектепте окуучулар үчүн класстар жетишсиз болуп, мугалимдердин сабак өтүүсүнө ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Бул көйгөйдү чечүү максатында “Ас-Сафа” коомдук бирикмесине долбоор жазылган. Аталган коомдук бирикменин каржылык колдоосу менен 212 орундуу 2 кабаттуу жаңы окуу корпусунун курулуш иштери 2022-жылдын декабрь айында башталган. Аталган мекетепте учурда 903 окуучу билим алат. 

Иш чарада облус башчысы Нурлан Дарданов аталган корпустун курулушун ишке ашырган “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга ыраазычылыгын жана келечекте кызматташууга кызыктар экенин билдирди. Ошондой эле мектептин мугалимдер жамаатына жана окуучуларына ийгиликтерди каалады.