Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

БУУнун «Гуд Нейборс» эл аралык гуманитардык уюму кезектеги колдоосун көрсөттү

КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүндѳ Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов менен Бириккен Улуттар Уюмунун «Гуд Нейборс»    эл аралык гуманитардык уюмунун директору Чжун Хонг Су эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Андан соң аталган уюм тарабынан Талас облусунун аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 3000 сомдук стипендия жана окуу куралдары берилди. Белгилей кетсек БУУнун «Гуд Нейборс» эл аралык гуманитардык уюмунун «Шин Донг Мин» деп аталган стипендиялык программасы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн окууда ийгиликтерге жетишкен, жакшы окуган  балдарын колдоо максатында түзүлгөн. Ошондой эле, бул жардам бир гана Талас облусунда ишке ашырылат. Быйыл облусубузда үчүнчү ирет берилип жатат. Стипендия бир жылда бир жолу 36 окуучуга берилет. Иш чарага катышкан облус жетекчиси Нурлан Дарданов  аталган уюмдун Кыргызстандагы башкы директору Чжун Хонг Суга ыраазычылык билдирип, уюмдун мындан аркы ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Мындан сырткары,  ошол эле “Гуд Нейборс” эл аралык гуманитардык уюмунун колдоосу менен Талас районуна караштуу Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинде жаңы IT классы ачылды. Класс уюм тарабынан толугу менен оңдолуп, 26 компьютер, проектор, интерактивдүү такта жана кошумча видео студия менен камсыздалды.
БУУнун “Гуд Нейборс”  эл аралык гуманитардык уюму Талас облусунун аймагында IT классын ачуу үчүн мектептер арасында тандоо жүргүзгөн. Тандоодо мектепте окуучулардын санынын көптүгү жана информатика сабагынын мугалиминин IT  тармагын билүүсү башкы талаптардын бири болгон.