Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш чара уюштурулду.

Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болуп ѳткѳн иш чарага облустун бардык мектептеринен жана окуу жайларынан мугалимдер, ошондой эле билим берүү мекемелеринде эмгектенген кызматкерлер чакырылган.

Облус жетекчисинин орун басары Мира Сейдикеримова билимдүү жаштардын ѳсүп чыгуусунда, ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүндѳгү жалпы билим берүү кызматкерлерин эбегейсиз эмгегин белгилеп, аларды майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Майрамдык иш чаранын алкагында билим берүү тармагына салым кошкон облустагы агартуу тармагында иштеген эмгек алдыңкыларына, өмүрүн мугалимдик кесипке арнап, ардактуу эс алууга узаган эмгек ардагерлерине, ишинде ийгилик жаратып келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш педагогдорго Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн”Ардак Грамоталары” жана “Ыраазычылык каттары” тапшырылды. Ошондой эле “Альянс Алтын” компаниясы да үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге акчалай сыйлыктарды берип, салтанаттуу иш чара концерттик программа менен коштолду.