Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ишке берилди
Урматтуу Талас облусунун тургундары, мекендештер!
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты расмий түрдө пайдаланууга берилди. Жаңы медициналык пункттун ачылышы менен айылдыктар үчүн дарыгерге кайрылуу кыйла жеңилдеп, сапаттуу медициналык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейди.
Заманбап шарттары бар бул имарат тургундардын ден соолугуна болгон камкордуктун дагы бир маанилүү кадамы болду.
Учурда медициналык пунктта 22 кызматкер иштеп, кабыл алуу бөлмөсү, каттоо бөлмөсү, эмдөө, ийне сайуу, тиш дарылоо бөлмөлөрү жана тез жардам кызматы элге кызмат көрсөтүүдө.
Элибиз оорубасын! Ийгиликтер коштосун!