Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА СПОРТ КОМПЛЕКСТИН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

         Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кызыл-Адырдагы спорт комплекстин ачылышын жасады. Иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, КРнын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, район акими Бектур Сагымбаев жана жалпы район эли катышты. 

        "Асыл" көп функционалдуу спорт комплексин курууга жалпысынан 97млн сом сарпталган. Курулуш иштери 2023-жылдын январь айында башталган. Жабык типтеги спорт комплекстин ичинде футбол, волейбол, баскетбол оюндарын ѳткѳрүүгѳ, аны менен бирге бокс жана күрѳш менен машыгууга жакшы шарттар түзүлгѳн.

        Айыл өкмөт тарабынан 2,4 млн сом акча каражатына таза суу түтүктөрү тартылып, саркынды суу топтоочу жай курулуп, трансформатор орнотулган.

         Өз сѳзүндѳ ѳлкѳ башчысы жалпы элди жаңы курулган спорт комлекстин ачылышы менен куттуктап, ушул комплекстен ѳлкѳ намысын коргогон спортчулар чыгаарын билдирди. Ошондой эле облусубуздун социалдык экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жана спорт комплексинин курулушуна демөөрчүлүк кылган Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди.

         Спорттук, ден соолукту чыңдоо комплексинин имараты жалпы аянты 0,5564 га жер тилкесинде жайгашып, бардык зарыл административдик-коммуналдык жайлар жана спорт зал менен камсыздалган. Ал машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган.

       Мамлекет башчысы райондун жигердүү жаштары демилге көтөрүп, демөөрчү издеп, спорт тармагынын алдыга жылышына өз салымдарын кошуп жатканын абдан кубануу менен баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров ушул “Асыл” спорт комплексинин ачылышы анын “Инсандын руханий, адеп-аклактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө чыгарган алгачкы Жарлыгынын уландысы экенин эске салды.

     Кыргызстандын атын чыгарган, желегин желбиреткен спортчуларды даярдаган кесипкөй мектеп болушун каалады. Мамлекет башчысы район калкынын саламаттыгын чыңдоого көмөктөшүп, жергиликтүү жаштардын кыргыз наркын сактап, туура жолдо тарбиялануусуна өбөлгө болгон куттуу жай болооруна ишенимин билдирди.

     Сөз сүйлөгөндөн кийин Президент Садыр Жапаров “Асыл” спорт комплексинин машыгуу залдарын жана ага жанаша жайгашкан аймагын кыдырып, ошондой эле бул комплексте машыга турган жаш спортчулар менен баарлашып, аларга жаңы ийгиликтерди каалады.